18-19-ноябрларда Жыргалаң Өрөөнүндө 2016-2017-ж тоо-лыжа сезонун ачуучу фестиваль өтүп жатат. Фестивалдын программасына концерттер, оюндар, ошондой эле спорттун кышкы түрлөрүн, жергиликтүү кол өнөрчүлүктү көрсөтүүчү ич-чаралар кирет. Андан тышкары, фестивалда Каракол шаарынан 60 км аралыкта жайгашып, тоо лыжа аймагы катары өнүгүп келе жаткан Жыргалаңдын конок үйлөрүн да көрсө. Фестиваль Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин
USAIDдин Борбордук Азиядагы АИВ боюнча флагман долбоору АИВдин жаңы учурларын жана АИВге байланыштуу өлүм учурларын азайтуу максатында иштейт. Долбоор АИВдин алдын алуу, диагноз коюу, дарылоо жана камкордук боюнча жогорку сапаттуу кызматтарга ийне сайынган баңги колдонуучулар жана АИВ менен жашаган адамдар сыяктуу калктын максаттуу топторуна жол ачат.
2016-жылдын июлунан сентябрь айына чейин Америка Кошмо Штаттары USAIDдин Агро горизонт долбоору аркылуу Кыргызстандын айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен жергиликтүү жана чет өлкөлүк сатып алуучулардын ортосунда байланышты күчөтүүгө бир катар иш-чараларга колдоо көрсөттү. Алматыда, Бишкекте жана Ошто өткөн үч ири форумдун, ошондой эле чакан форматтагы жүздөн ашык жолугушуунун алкагында, Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарындагы тамак-аш өнөр жайы ишканаларынын өкүлдөрү потенциалдуу сатып алуучулар менен жолугушту. Натыйжада, 5,4 миллион АКШ доллары көлөмүндө жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуучу контракттарга жана макулдашууларга кол коюлду.
АКШнын колдоосу менен, “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгесинин” алкагында, Ош шаарында жана облусунда жол табууга жардам берүү үчүн туристтик карталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду. 21-октябрда, бул иш-чарага арналган салтанаттуу азем учурунда, USAID агенттиги картанын көчүрмөсүн Ош шаарынын биринчи вице-мэрине Замирбек Аскаровго сунуштады.
11-октябрдан 20-октябрга чейин USAID Баткен, Жалал-Абад жана Оштогу 20 чакан мейманканалардын жана конок үйлөрдүн өкүлдөрүнө конок күтүү, маркетинг жана мейманкана бизнесин өнүктүрүү боюнча тренинг өткөрдү. Бул тренингдер Кыргыз Республикасынын туризм секторун жана бизнесин алдыга жылдырууга жана жакшыртууга кол кабыш кылуу максатында USAID-дин Бизнести өнүктүрүү демилгеси долбоору аркылуу АКШнын Өкмөтү тарабынан өткөрүлдү.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.