Бишкек жана Ош шаарындагы сокур жана начар көргөн балдар үчүн башталгыч мектептердин 24 мугалимдери новатордук окуу жана жазуу ыкмалары боюнча атайын окуудан өтүштү. Сокур жана начар көргөн балдар менен иш алып барууда аталган мугалимдер Брайль системасындагы окутуу жолу (кол менен окуу жана жазуу мүмкүндүгү) менен биргеликте новатордук технологияларды, анын ичинде атайын компьютердик камсыздоо программасын жана смартфондорду колдонуу боюнча жаңы ыкмаларды жана тажрыйбаларды үйрөнүштү.
Бишкек - 12-декабрь Кыргызстандын Улуттук aдабият күнү, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчиси, Шейла Гуолтни бардык мамлекеттик кыргыз тилдүү башталгыч мектептерге 264,000ден ашык китептерди USAID аркылуу таратыларын жарыялады. Ар бир кыргыз тилдүү башталгыч мектептин алгачкы окурмандардын муктаждыктарына негизделген жомоктор, окуялар, табышмактар жана ырлар менен кыргыз тилиндеги 123 китеп алышат. USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору өлкө боюнча 60%га чукул мектептерде иштеп жатат жана 1-4 башталгыч класстардын окуучуларын окуу көндүмдөрүн жогорулатуу аракетинде. K.
8-декабрда, Кыргыз Республикасындагы АКШнын элчисинин орун басары Алан Мельцер КР өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаевга жана Каракол шаарынын мэри Данияр Арпачиевге Караколдо жөө саякаттар үчүн орнотулган көчө карталарынын көчүрмөсүн тапшырды. Ысык-Көлдүн эл аралык деңгээлдеги туристтик ажайып жайларын коноктор оңой таап алыш үчүн, АКШнын өкмөтү USAID аркылуу облус боюнча 46 туристтик жол көрсөткүчтөрдү, анын ичинде төрт картаны орнотуп берди.
АКШ, Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жана Саламаттыкты сактоо Министрлиги Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата биргелешкен иш чара өткөрүштү. Бул иш чарада өнөктөштөр СПИДке каршы күрөштө милдетенмелерин дагы бир ирет тастыкташты.
22-ноябрь күнү USAIDдин Агро Горзонт долбоору жана “Оазис Агро” ЖЧКсы (айыл чарба азыктарын өндүрүү менен иштеген компания) Ош жана Жалал-Абадда сүт өндүрүшүнө дем берүү максатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту. Сүт өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатуу үчүн тараптар инвестицияларды тартышып, жеке сектордун тажрыйбасына таянышат да, бул өз кезегинде кыргыз фермерлеринин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жакшыртат.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.