Шашылыш жарыялоого
Бишкек, Кыргызстан – 18-19-ноябрларда Жыргалаң Өрөөнүндө 2016-2017-ж тоо-лыжа сезонун ачуучу фестиваль өтүп жатат. Фестивалдын программасына концерттер, оюндар, ошондой эле спорттун кышкы түрлөрүн, жергиликтүү кол өнөрчүлүктү көрсөтүүчү ич-чаралар кирет. Андан тышкары, фестивалда Каракол шаарынан 60 км аралыкта жайгашып, тоо лыжа аймагы катары өнүгүп келе жаткан Жыргалаңдын конок үйлөрүн да көрсө. Фестиваль Эл аралык өнүгүү боюнча АКШ агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурулду.
Жыргалаң фестивалынын (J-Fest – “Джей-Фест”) максаты – туриндустриянын жергиликтүү жана чет элдик өкүлдөрүн, ММК жана жергиликтүү жамааттарды тартуу менен ал жерди өнүктүрүү. Ошондой эле, фестиваль жергиликтүү жашоочуларга жана жаштарга жардам берүү үчүн туризмди өнүктүрүү аркылуу ишке ашырылуучу экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөт.
“Биз Жыргалаңды кышкы жана жайкы туризмдин борбору боло турган, уникалдуу, жаратылыш ресурстарына бай туристтик объект катары көрөбүз. Туризм региондо жана жалпысынан өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана айыл экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берет деп ишенем”, - дейт Бермет Жапарова, USAID колдоп келген Жыргаландага жаңы конок үйлөрүнүн биринин ээси.
J-Fest фестивалы биринчи жолу 2015-2016-ж лыжа сезондун ачылышында өткөрүлүп, Жыргалаң айылын экстремалдуу лыжачылар үчүн туристтик дестинация катары жайылтууга багытталган. Фестиваль Жыргалаңды кышкы дестинация катары таанытса да, жергиликтүү тургундар региондун жайкы треккинг боюнча өнүктүрсө болот деп ишенишет.
Жыргалаң - “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоорунун алкагында колдооого алынган Кыргызстандагы төрт туристтик объектилердин бири. Бул төрт жылдык, көп кырдуу долбоор бизнестин өсүшүнө, жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана экономикалык өнүгүүгө көмөк көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасында жайгашкан фирмалардын жана баа чынжырчаларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн түзүүгө жана бекемдөөгө багытталган.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.