USAID Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана калкы менен кызматташтыкта болуп, инклюзивдүү жана отчеттуу демократиялык жараяндарды жана мамлекеттик саясатты, өлкөнүн гүлдөп өсүшү жана ак ниет башкаруу үчүн тейлөөнү өркүндөтүү иш-чараларын колдойт.
1990-жылдардан тартып USAID Кыргыз Республикасынын советтик өлкөдөн көз каранды эмес демократиялык мамлекетке өтүшүн колдоп келе жатат. Ушул мезгилдин аралыгында
өлкө акыры эки революция менен аяктаган (2005- жана 2010-жылдар) эки авторитардык башкаруу мезгилин башынан өткөрдү. Бүгүнкү күндө өлкөдө башкаруунун парламенттик системасы орноду жана башкаруу системасынын ачык- айкындыгын, жоопкерчиликтүү мамилесин камсыз кылууга күч-аракет жумшалып жатат. USAID Кыргыз Республикасынын жарандык коомуна берилген жардамчы катары чыгып, демократиялык институттарды, адам укугун жана чынчыл шайлоо системасын коргоону жактаган өлкөнүн өкмөтүндөгү реформаторлорго жардам көрсөтүп жатат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жарандык коому жана эл аралык коомчулук менен тыгыз кызматташтыкта болгон USAID саясий жараяндардын отчеттуулугун, инклюзивдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жакшыртуу менен калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуунун үстүндө иштеп жатат. 2010-жылдагы революциядан кийин жаңы шайланган Жогорку Кеңештин биринчи сессиясы өтө электе эле парламентке колдоо көрсөтүү башталган. Бул колдоо мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга көмөк көрсөтүү, комитеттердин ишин колдоо, массалык маалымат каражаттары менен иштешүүгө жардамдашуу, жана ошондой эле парламенттин кадр потенциалын өркүндөтүү менен башкарууну жакшыртуу иш-чараларын камтыйт.
Мыйзамдын үстөмдүгүн жактоо принцибин кармануу өлкөнүн гүлдөп өнүгүшү менен стабилдүүлүгү үчүн чоң мааниге ээ. Биз Кыргыз Республикасындагы коррупцияны кыскартууга жана процесстин бардык катышуучулары үчүн обьективдүүлүктүн үстөм болушун жогорулатууга багыт алган Сот системасынын реформасын колдойбуз. Бул иш-чара сотторду акыйкат, ачык тандап алууну жана соттордун чечимине коомчулуктун колу жетимдүү болушун камсыз кылууну камтыйт.
USAID ошондой эле адам укугун бузууга жана укук коргоо иштерине бөгөт болууга мониторинг жүргүзгөн уюмдарды колдоого алат.
Мындан сырткары, USAID жигердүүлүк менен өсүп бара жаткан массалык маалымат каражаттар секторуна да алгылыктуу колдоо көрсөтөт, муну менен жарандардын ишенимдүү жана ар кыл мүнөздөгү маалыматтарга колу жетимдүү болушун камсыз кылууга жардам берет.
USAIDдин демократия, адам укугу жана башкаруу боюнча долбоорлору:
- Коомдук жана муниципалдык башкаруу боюнча демилге (2016 -2021)
- Парламентке, шайлоо жөнүнүдө билим берүүгө жана байкоо жүргүзүүгө жардам көрсөтүү (2016-2019)
- Маалымат алууга жол ачууну колдоо (2014 – 2017)
- Укуктук чөйрөнү өркүндөтүү (E3) (2014 - 2018)
- Адвокаттар коомчулугун колдоо долбоору (2012 - 2017)
- Саясий жараяндарды колдоо программасы (2016-2021):
- Сот системасын бекемдөө боюнча программа (2011 - 2016)
- Биргелешип башкаруу программасы (2013 – 2018)
- Кыргыз Республикасында адам укуктарын бекемдөө программасы (2013 - 2016)
- Коомдук телеберүүнү колдоо долбоору (2012-2017)
ЖАБЫЛГАН ДОЛБООРЛОР:
- Парламенттин ишин күчөтүү долбоору (2010 – 2015)
- Натыйжалуу мамлекеттик башкарууну колдоо (GGPAS) (2013 - 2016)
- Development through Regional Cooperation (October 1, 2012 – September 30, 2015)
- Counter Trafficking Program (October 2011 - September 2015)
- Legal Support for Civil Society (October, 2009 – September, 2014)
- Local Transparency and Cooperation Initiative (February 2012 - January 2015)
- Women's Peace Banks (June 2012 - December 2014)
- Jasa.kg Youth Program (March 2011 - March 2015)
- Media Support Initiative (February, 2012 – July, 2015)
- Improvements in Labor Sector (2013 - 2014)
- Conflict Mitigation Program (COMTACA) ((2012 - 2014)
- Kabar Ordo Media and Conflict Transformation Program (2012 - 2014)
- Ak Zhol: the Path to Peace through Prosperity (2012 - 2014)
- Youth Theater for Peace (2010 - 2014)
- Support to National Budget Transparency (2012 - 2014)
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.