Flag of Kyrgyz Republic

Жаңылыктар

Language: English | Kyrgyz | Russian
Жаш балдар конкурстардан өз байгелерин алышты
Сентябрь 9, 2016

Бишкек – 8-сентябрда белгиленген Эл аралык сабаттуулук күнүн майрамдоо алкагында жана сабаттуулук жана билим алууну даңазалоо максатында, USAIDдин «Бирге окуйбуз» долбоору Кыргыз Республикасынын жүздөгөн китепканаларында жана мектептеринде түрдүү иш-чараларды баштады. Сентябрь айында, окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер көркөм окуу жана сүрөт тартуу сынактарында, ошондой эле китеп көргөзмөлөрү, тегерек столдор, ар түрдүү викториналар, китеп окууга жана изилдөөгө арналган салтанаттуу иш-чараларга катышышат.

"Бизнес үчүн бизнес" жолугушуунун катышуучулары
August 25, 2016

9-10-августта USAID «Агро горизонт» долбоору «АгроЛид» коомдук бирикмеси аркылуу дыйкандар жана агрардык ишканалар үчүн Бишкекте жана Ошто «бизнес үчүн бизнес» (B2B) форматындагы жолугушууларды уюштурду. Жолугушууларда 58 фермер, чакан жана орто ишканалар өлкөдөгү эң ири соода тармактарынын бири «Фрунзе» супермаркетине чийки жана кайра иштетилген айыл чарба продукцияларын өткөрүү боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алышты.

Сыйланагн мугалимдер 72 сааттык кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарынан окушту.
August 24, 2016

23-24-августта, Нарын облусунда атайын окуу тренингдерден өтүшүп жана жаңы ыкмаларды үйрөнүшкөн 900-дөн ашык башталгыч класстардын мугалимдери, Кыргыз Билим берүү академиясынын сертификаттарына ээ болушат. Аталган мугалимдер биринчи класстан тартып төртүнчү класска чейинки окуучулардын окуу жөндөмдөрүн жакшыртуу менен инновациялык усулдарды өздөштүрүштү.

Окуу лагерлери башталгыч класстардын окуучуларынын окуу кызыкчылыктарын арттырат
August 19, 2016

Август айында Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Баткен облустарынан 73 мектептин башталгыч класстын 1500 окуучусу, Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAID тарабынан уюштурулган жайкы окуу лагерлеринде катышып жатышышат. Жогорудагы иш-чаранын негизги максаты – башталгыч класстардын окуучуларына интерактивдүү саамалык аркылуу окуу жылында алган билимдерин жакшыртуу болуп эсептелет.

Children at Nation TB Center
August 12, 2016

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кургак учук (КУ) дартын аныктоо жана дарылоо көйгөйүн чечүү жаатында Кыргыз Республикасы менен кызматташып келүүдө. Чоң кишилер арасындагы кургак учук илдетине каршы күрөшүүдө омоктуу жетишкендиктер бар болсо да, бул ооруга балдар менен өспүрүмдөр дале болсо көп чалдыгууда.

Pages