USAID орноткон жол көрсөткүчтөр жана карталар Оштогу туристтик саякатты жакшыртышат

Көчө карталарында Оштун негизги ажайып жайлары көрсөтүлгөн
Көчө карталарында Оштун негизги ажайып жайлары көрсөтүлгөн
USAID/Kyrgyz Republic

Шашылыш жарыялоого

Дүйшөмбү, Октябрь 24, 2016

Ош, Кыргызстан – АКШнын колдоосу менен, “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгесинин” алкагында, Ош шаарында жана облусунда жол табууга жардам берүү үчүн туристтик карталар жана жол көрсөткүчтөр орнотулду. 21-октябрда, бул иш-чарага арналган салтанаттуу азем учурунда, USAID агенттиги картанын көчүрмөсүн Ош шаарынын биринчи вице-мэрине Замирбек Аскаровго сунуштады.

USAID туристтик бизнести өнүктүрүү максатында, Кыргызстандын түштүгүндө туристтик тажрыйбаны  жакшыртуу боюнча иштеп жатат. USAID Ош облусунун ажайып жайларына карата 15 жол көрсөткүчтөрүн жана шаарды жөө басып изилдөөнү каалаган туристтер  үчүн Оштун негизги ажайып жайлары көрсөтүлгөн төрт карта орнотуп берди. Картада туристтерге кызык болгон Сулайман-Тоо, Өзгөндүн тарыхый комплекстери, мечиттери, базарлары жана музейлери көрсөтүлгөн.

Салтанатту аземде вице-мэр Ошто гана эмес, жалпы Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча USAIDдин көп кырдуу ишине ыраазычылык билдирди. “Шаардын тургундары жана коноктору Ошто жаңы орнотулган туристтик жол көрсөткүчтөр жана карталарга өтө жакшы баа беришти”,- деди Замирбек Аскаров.

Орнотулган жол көрсөткүчтөр парктар жана эс алуу жайлар үчүн эл аралык стандарт катары таанылган күрөң түстө жана тиешелүү форматта жасалган. Жазуусу түн ичинде автоунаа айдоочулары көрүүгө мүмкүн болгон атайын жарык чагылдыруучу  материалдан жасалган.

Жол көрсөткүчтөрдү орнотуу - USAIDдин Кыргыз Республикасында туризмди жакшыртуу боюнча кеңири ишинин бир бөлүгү. Бул иш Кыргызстандын экономикасынын  туризм, тигүү өнөр жайы жана курулуш материалдар өнөр жайы сыяктуу негизги секторлорун өнүктүрүүгө көмөк көрсөткөн  “Бизнести өнүктүрүү боюнча демилге” долбоорунун алкагында жүрүп жатат.