Март айында кыргыз туристтик компаниялары эки алдыңкы эл аралык көргөзмөлөрдө - Берлин шаарындагы Internationale Tourismus-Börse Berlin (ITB Berlin) жана Москванын “Саякат жана туризм” эл аралык көргөзмөсүндө (MITT) өздөрүнүн туристтик кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныштырышты. АКШ менен өнөктөштүктө “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору алкагында алар Кыргыз Республикасындагы туристтик жерлерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтүштү жана 2016-жылдын сезонуна карай бир нече келишимдерге кол коюшту.
Долбоордун башкы максаты – Кыргыз Республикасынын жаштары үчүн эмгек рыногунда керек болгон жогорку билимди алуу мүмкүнчүлүгүн акыйкат жана жеткиликтүү болушун камсыз кылуу.
Долбоор мамлекеттик башкарууну жакшыртуу максатында, жарандык жактан маанилүү маалыматка жарандар үчүн жол ачууга көмөктөшөт.
ЛИДЕР долбоору АИВ менен жашаган адамдардын Борбор Азиялык Ассоциациясынын, анын Секретариатынын жана Казакстан, Кыргыз республкасы менен Тажикстан бөлүмдөрүнүн лидерлик жана уюштуруучулук потенциалын өркүндөтүүгө багытталган. Бул стигмаларды жана дискриминацияны четтетүү боюнча натыйжалуу иш алып барууга, АИВтин алдын алуу жана дарылоонун комплекстүү системасына бирдей мүмкүнчүлүктү камсыздоого жана ошондой эле АИВ менен жашаган адамдардын укугун бузууларга жооп кайтарууга арналган.
Долбоор фермерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, рынокторду кеңейтүү, айыл чарбадагы тандалган кошумча нарк чынжырларынын атаандаштыгын жогорулатуу үчүн жеке сектор менен өнөктөштүктөрдү түзүү аркылуу чакан фермерлердин кирешесин көбөйтүүгө багытталган. Долбоор айыл чарба секторунда, өзгөчө аялдар менен жаштар үчүн, кошумча жумуш орундарын камсыздайт, жана ошондой эле азыктуулугу жогору тамак-аштын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну көздөйт.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.