Кыргыз туркомпаниялары жана АКШ жаңы кардарларды тартуу үчүн эл аралык көргөзмөлөрдө кызматташууда

Боз үйдөгү сүйлөшүү
Кыргыз туркомпаниясынын өкүлү кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн боз үйдө сүйлөшүп жатышат
USAID

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, Апрель 26, 2016

Бишкек – Март айында кыргыз туристтик компаниялары  эки алдыңкы эл аралык көргөзмөлөрдө - Берлин шаарындагы Internationale Tourismus-Börse Berlin (ITB Berlin) жана Москванын “Саякат жана туризм” эл аралык көргөзмөсүндө (MITT) өздөрүнүн туристтик кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныштырышты.  АКШ менен өнөктөштүктө “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору алкагында алар Кыргыз Республикасындагы туристтик жерлерди илгерилетүүгө көмөк көрсөтүштү жана 2016-жылдын сезонуна карай бир нече келишимдерге кол коюшту.

Кыргыз компаниялары Кыргыз Республикасынын жайкы курорттор, альпинизм, жөө туризм, экотуризм жана Жибек жолу боюнча турлар сыяктуу көптөгөн туристтик багыттарын сунуш кылышты. Алар жаңы мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо үчүн бүткүл дүйнөдөн келген жүздөгөн потенциалдуу бизнес-өнөктөштөр менен  жолугушушту. Натыйжасында, кыргыз компаниялары 66 жаңы келишимдерге кол коюшту жана учурдагы 52 европалык компаниялар менен кызматташтыкты улантууну билдиришти.

USAID Агенттиги Кыргыз Республикасынын көргөзмө стендин  орнотууда  техникалык жардам жана эксперттик колдоо көрсөттү. Стенд чыныгы кыргыз боз үйү түрүндө болду. Туроператорлор жана кардарлар 2016-жылдын сезонуна карай өнөктөштүк жөнүндө сүйлөшүүлөрдү кооз кыргыз шырдактардын жана туш кийиздердин айланасында өткөрүштү, ал эми улуттук кийимчен комузчулар кардарлардын жана массалык маалымат каражаттардын көңүлүн ачып турушту.

“Биздин боз үй саякатчылар Кыргызстанга баруудан алууга мүмкүн болгон реалдуу тажрыйбаны сунуш кылды. Бул бизди көргөзмөнүн КМШ өлкөлөрүнөн келген калган катышуучуларынан чындыгында бөлүп көрсөтүп жана айырмалап турду”, - деди Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын президенти Анвар Юсупов.

USAID эл аралык бизнес-байланыштарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын туристтик секторунун маанилүүлүгүн жогорулатуу үчүн кыргыз туристтик компаниялары менен эл аралык көргөзмөлөрдө кызматташат. USAID бул ийгиликтерди  бекемдөө үчүн жана Кыргыз Республикасын Орто Азиядагы алдыңкы туристтик жер катары алдыга жылдыруу максатында бул өнөктөштүктү улантат.

“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” – бул Кыргызстандын туристтик баруу жер жана экономиканын башка секторлорунун, анын ичинде тигүү өнөр жай жана курулуш материалдар тармактары, атаандаштыкка жарамдуулугун  өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча төрт жылдык долбоор. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн Америка Кошмо Штаттар колдогон көптөгөн долбоорлордун бири болуп саналат. Долбоор жөнүндө көбүрөөк маалымат алуу үчүн бул сайтка кириңиз: http://www.usaid.gov/ky/Kyrgyz-Republic.