Долбоор камакта жаткан жана эркиндигинен ажыратуу жерлеринен бошогон калктын негизги топторунун арасында ВИЧ-инфекциянын алдын-алуу, дарылоо, кароо жана колдоо көрсөтүү боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүктү жогорулатуу аркылуу ВИЧ-инфекциянын алдын-алууга багытталган.
Бул программанын алкагында IFESтин ишмердүүлүгү шайлоо комиссияларынын профессионалдыгын жана дараметин күчөтүүгө, ошондой эле Кыргызстан жаштарынын жарандык активдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
Долбоор аркылуу Freedom House адам укугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө, адам укугун коргоо жаатындагы институттарды, мыйзамдарды жана саясатты бекемдөөгө саяский эркти жана мотивация жаратуну көздөп, укук коргоо коомчулугунун өнүктүрүүгө жардам көрсөтөт.
Программа өлкөдөгү сот системасынын көз карандысыздыгын жана натыйжалуулугун күчөтүп, ак ниеттүүлүгүнө өбөлгө болот.
Бул долбоор, Кыргыз Республикасында сот адилеттүүлүктү орнотуу, коомчулуктун сот ишине ишенимин арттыруу жана мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылуу максатында, адвокаттардын жана келечек-муун юристтердин билим деңгээлин жана кесиптик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга багытталган.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.