Бишкек – Бүгүн Бишкекте Борбордук Азия боюнча кургак учукту интеграцияланган контролдоо боюнча экинчи эл аралык конференция башталды. Эки күндүк иш-чарага Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун 2015-2035-жылдарга «Кургак учукту токтотуу» стратегиясында белгиленген милдеттерди ишке ашыруунун жолдорун жана прогрессти талкуулоо үчүн түрдүү өнөктөштөр жана кургак учук боюнча иштеген медицина адистери чогулат. Бул стратегия кургак учуктан өлүмгө учуроону 95%га жана ооруга чалдыгууну 90%га кыскартууга багытталган.
Конференцияны Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен уюштурду.
Конференцияга Германия, Грузия, Кытай, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Нидерланды, Өзбекстан, Тажикстан жана Америка Кошмо Штаттарынан келген 250гө жакын мамлекеттик кызматчылар жана медицина кызматкерлери катышат. Алар кургак учук менен күрөшүүдөгү көйгөйлөрдү, жаңы ыкмаларды, ийгиликтерди, ошондой эле өлкөлөрдүн ортосунда кызматташууну күчөтүүнү талкуулашат. Конференцияда дарт аныктоонун жана дарылоонун өркүндөтүлгөн ыкмалары, социалдык стигма менен күрөшүү, бейтептарга колдоо көрсөтүү жана кургак учуктун дары-дармектерге туруштук берген формалары менен күрөшүү сыяктуу башка маанилүү темалар да каралат.
Кургак учукка чалдыгуу жана анын айынан өлүмгө дуушар болуу сыяктуу негизги көрсөткүчтөр жакшыргандыгына карабастан, бул дарттын дары-дармектерге туруштук берген формасын дарылоо боюнча кыйынчылыктар бар. Кургак учуктун дары-дармектерге туруштук берген формасынын деңгээли Борбордук Азияда жогору бойдон калууда. Кыргызстанда жаңы катталган кургак учук учурлардын дээрлик төрттөн бири дары-дармектерге туруштук берген формалар.
Кошмо Штаттары ушул жугуштуу ооруга каршы күрөшүү үчүн региондогу өлкөлөрдүн өкмөттөрү жана башка кызыкдар тараптар менен кызматташат. Кыргыз Республикасында лабораторияларды жаңылоо, дарылоонун жаңы ыкмаларын киргизүү, бейтаптарга социалдык колдоо көрсөтүү жана кургак учукка каршы жардам берүү боюнча кызматтардын сапатын жакшыртуу, саламаттык сактоо системасын реформалоо боюнча USAID менен Өкмөттүн биргелешкен күч-аракеттеринен улам бул оорунун жайылышы кыскартылган.
Кургак учукту интеграцияланган контролдоо боюнча биринчи эл аралык конференция 2016-жылы Алматы (Казахстан) шаарында өткөн. Улуттук фтизиатрия борборунун 60 жылдыгына байланыштуу, бул жылы конференция Кыргыз Республикасында өтүп жатат.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.