Америка Кошмо Штаттары Кыргыз Республикасын 23-25-августта Бишкекте Ак илбирсти жана анын экосистемасы боюнча форумду ийгиликтүү өткөрүп алышы менен куттуктайт. Ак илбирс жашаган 12 өлкө ак илбирсти сактап калууну колдоорун дагы бир жолу тастыктап, “Ак илбирске жана тоолорго кам көрүү – биздин экологиялык келечегибиз” атnуу Бишкек декларациясына кол коюшту.
АКШ өкмөтү АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) аркылуу бул олуттуу форумду колдоп, анын негизги шериктеши болгону менен сыймыктанат. АКШ форумду уюштуруу жана логистикасын колдоо үчүн 150 миң АКШ долларын бөлүп берди. Ал каражат ак илбирс жашаган тогуз өлкөнүн (Афганистан, Бутан, Индия, Казахстан, Монголия, Өзбекстан, Непал, Пакистан жана Тажикистан) жаратылышты коргоо боюнча мамлекеттик кызматтардын өкүлдөрүнүн катышуусун камсыз кылды.
25 жылдан бери АКШ Кыргыз Республикасында стабилдүүлүктү, өнүгүүнү жана коопсуздукту колдоо максатында бир нече программалар алкагында шериктешип келет. Бул программалар арасында, жоголуп кетүү коркунучундагы ак илбирс сыяктуу жаныбарларды коргоо жана тоо мөңгүлөрүн жана башка экологиялык суроолорду изилдөө да кирет.
2013-жылдан тартып, USAID КР Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги жана башка донорлор, жарандык коом, коомчулук, окумуштуулар жана жарандар менен тыгыз иштеп келе жатат. Биздин шериктештик ак илбирсти жана ал жашаган тоо экосистемасын коргоого жана ал жашаган ареалды бөлүшкөн өлкөлөр арасында регионалдык деңгээлдеги кызматташууну күчөтүүгө багытталган.
Бул экосистемалар Азиядагы суунун негизги булактары болгондуктан, аларды сактап калуу жана коргоо региондо жашаган миллиондогон адамдар үчүн, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн өтө маанилүү.
2013-жылы өткөн ак илбирсти сактап калуу боюнча бирнчи форумдан тартып, USAID Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча глобалдык программаны Дүйнөлүк жаратылышты коргоо фонду (WWF) аркылуу колдоп келет. Андан тышкары, биз жети миллион АКШ доллары сарпталган “Азиянын бийик тоолорун сактап калуу жана адаптациялоо” беш жылдык долбоор аркылуу, алты өлкөдө: Бутанда, Индияда, Кыргыз Республикасында, Монголияда, Непалда жана Паикистанда ак илбирсти коргоо боюнча жаңы ыкмаларды колдоп келебиз.
Биздин долбоорлор жаратылышка аяр мамиле жасап өнүгүүгө үгүттөп, ак илбирстин жашаган чөйрөсүнүн деградациясын айзайтууга жана жергиликтүү калктын жана экосистемалардын туруктуулугун күчөтүүгө багытталган. Биз бийик тоолуу аймактагы жан-жаныбарларды жана мөңгүлөрдү изилдеп сактап калууну көздөйбүз. Ак илбирсти сактап калуу аракеттерин жергиликтүү экономика, тамак-аш жана суу коопсуздугу, экология суроолору менен биргеликте карабасак, бул максатка жетүү мүмкүн эмес.
“Азиянын бийик тоолорун сактап калуу жана адаптациялоо” долбоору Ак илбирсти жана анын эко системасын коргоо боюнча глобалдык программага кирген өлкөлөрдү колдоп келет. Бул долбоордун алкагында Кыргыз Республикасында төмөнкү жетишкендиктер бар:
- Жергиликтүү коомчулукка ак илбирсти изилдеп, коргоого дем берүү
- Адамдар жана ак илбирстер арасындагы талаш-тартыштарды жоюу боюнча жаңы ыкмаларды сунуш кылуу
- Ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо боюнча глобалдык программасынын алкагында приоритеттүү болуп эсептелген Непал жана Кыргыз Республикасында тиешелүү аймактарды башкаруу пландары иштеп чыгарылды. Ал пландар программага кирген калган он өлкөлөр үчүн да үлгү боло алат.
- Тиешелүү адистерди жана кызматкерлерди аймакты башкарууну пландаштырууда аба ырайын эске алуу боюнча окутуу
- 2013-жылкы жана 2017-жылкы ак илбирсти сактап калуу боюнча эл аралык форумдарды колдоо.
Биз ушул эл аралык форумдун ийгилигинин негизинде регион боюнча айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүүнү дагы да илгерилетүү боюнча Кыргыз Республикасы менен болгон шериктештикти улантууну көздөйбүз.
Бирге, биз ак илбирсти жана ак мөңгүлөрдү келечек муундар үчүн сактай алабыз.
Кимберли Розен
USAIDдин Кыргыз Республикасындагы миссиясынын башчысы.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.