Шашылыш жарыялоого
Бишкек – 2016 жылдын 14-октябрында, Дүйнөлүк тамак-аш жана Дүйнөлүк колду жуу күндөрүн майрамдоо алкагында, АКШнын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USAID) Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министирлиги, Нарын облустук администрациясы, Нарын жана Көк-Жаңгак мэриялары жана облустук үй-бүлөлүк медицина борборлору менен биргеликте Нарын шаарында чуркоо жана Көк-Жаңгак шаарында концерт уюштурду. Бул мааракелер колду таза жуунун жана толук кандуу тамактануунун маанилүүлүгүн баса белгилеп өтүштү.
Кыргыз Республикасында тамак-аштын жетишсиздиги жана аз кандуулук, өзгөчө аялдар жана жаш балдар арасында, чоң көйгөй болуп саналат. Дээрлик ар бир бешинчи жаш баланын бою өспөй, ал эми ар бир беш баланын экинчиси аз кандуулук менен жабыркайт.
USAIDдин Дүйнөлүк деңгээлде тамак-аш тармагындагы өнөктөштүктү, натыйжалуулукту жана инновацияны чыңдоо долбоору (SPRING) элге маалымат жеткирүү жана медицина кызматкерлерин окутуу, ошондой эле колду жуу, толук кандуу тамактануу жана тамак-ашты туура сактоо алкагында тамак-аштын жетишсиздигинин корсөткүчтөрүн төмөндөтүү боюнча иш жүргүзөт.
“Бир жаштагы кызым Айтунук тез-тез ооруп, түндө жакшы уктачу эмес. USAID SPRING долбоорунун жүргүзгөн ишинин натыйжасында мен үй-бүлөмдүн рационун өзгөрттүм, ошону менен бирге кызымдын ден-соолугу чыңалды. Азыр мен үй-бүлөмдүн тамактануусуна өзгөчө көңүл буруп жана ар-түрдүлөтүүгө аракет кылам”,- дейт Нарын шаарынын тургуну, төрт баланын апасы Жазгүл Акунова.
USAID SPRING бул энелердин жана жаш балдардын тамактануусун жакшыртуу, балдардын боюнун өспөй калуусун алдын алуу, аялдар жана балдар арасында аз кандуулукту төмөндөтүү боюнча беш жылдык долбоор болуп саналат. USAID SPRING долбоору Кыргыз Республикасында Саламаттыкты сактоо министирлиги жана UNICEF менен кызматташтыкта толук кандуу тамактануу тажырыйбаларын жакшыртуусун колдойт.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.