Шашылыш жарыялоого
Бишкек – 9-июнда KiK аттуу Германиянын ири чекене соода компаниясы европалык сатып алуучулар менен иштөө мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо үчүн кыргызстандык тигүүчүлөр менен жолугушту. Жолугушуу “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” аркылуу АКШ колдогон Инновациялык клубунун алкагында өттү. Иш чаранын негизги максаты – Кыргызстандын текстиль өнөр жайын өнүктүрүү.
Өзүнүн 3300 дүкөндөрү аркылуу жылына 2,2 млрд. евро айландырып иштеген KiKтин камсыздоочулар менен иштөө боюнча директору Штефани Артманн, компаниянын камсыздоочуларды издөө стратегиясы жана KiKти кийим-кече продукциясы менен камсыз кылуу боюнча мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди. Ошондой эле, кыргызстандык компаниялар KiKтин камсыздоочуларга койгон талаптары менен таанышышты.
Штефани Артман Кыргызстандын бул жаатта мүмкүнчүлүктөрү чоң деп билдирди. Андан тышкары, Европа союзу Кыргызстанга атайын пошлинасыз соода статусун бергени да абдан чоң артыкчылык.
«Силер башкалар менен атаандаштык кыла тургандай болуп калдыңыздар, бирок Европа рыногуна чыгууну жөн гана кыялдануу жетишсиз. Аны ишке ашырыш керек», - деп, Штефани Артманн кыргызстандык тигүүчүлөрдүн кээ бир өндүрүү кемчиликтерин белгиледи. Ал Европа чекене соода тармагында атаандашуу үчүн керектүү шарттар жөнүндө кеп куруп, кыргыз тигүүчүлөрдү бул рынокко чыгуу үчүн акыркы бир нече кадамдарды жасоого чакырды.
Бул жолугушууну USAID кыргызстандык өндүрүүчүлөр менен эл аралык рынокторду байланыштыруу аракетинин алкагында уюштурду. Бул аракеттердин натыйжасында, 2015-жылы кыргызстандык кийим өндүрүүчүлөр 1 млн. АКШ доллар суммасына заказдарды алышты.
Тигүүчүлөрдүн инновациялык клубунун мүчөлөрү жаңы технологиялар жана эл аралык рынокко чыгуу сыяктуу жалпы кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулоо үчүн ай сайын жолугуп турушат.
“Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” – бул Кыргызстандын экономикасынын тигүү өнөр жай, туризм жана курулуш материалдар тармактары сыяктуу секторлорунун атаандаштыгын чыңдоо боюнча төрт жылдык долбоор. Бул долбоор Кыргыз Республикасынын экономикалык өсүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн АКШ колдогон көптөгөн долбоорлордун бири.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.