Туризмди өнүктүрүү үчүн музейлер жана туристтик агенттиктер өнөктөштүгүн чыңдоодо

Шашылыш жарыялоого

Шейшемби, Июль 12, 2016

Бишкек, Кыргызстан – Бүгүн 12 июлда 25 ашуун туризм бизнесинин жана Кыргызстан боюнча музейлердин өкүлдөрү чогулуп, ал музейлерде чогулган баалуу мурасты жана туризмди өнүктүрүү үчүн анын маанисин талкууга алышты.Бул “Музейлер жана туризм” аттуу иш-чараны Музей демилгелеринин борбору Америка Кошмо Штаттары колдогон “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору менен биргеликте өткөрдү.

Улуттук көркөм сүрөт искусство музейи, “Сулайман-Тоо” музейи,  “Бурана Мунарасы” мемориалдык комплекси, Нарын облустук музейи жана Каракол музейи сыяктуу музейлердин жетекчилери өз музейлеринин экспозициялары, коллекциялары жана кызматтары менен тааныштырышты. Бул чогулуш, туроператорлор музейлерде чогулган баалуу мурас менен тааныштырып, аларга көбүрөөк турист чакырууга жол ачып, музейлер менен туроператорлордун ортосундагы кызматташууну күчөтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

“Биздин өлкөнүн ар бир регионунда көптөгөн кызыктуу музей коллекциялары бар экендигин билгенибиз жакшы болду. Көптөгөн региондук музейлер жөнүндө билбей, азыркыга чейин биз эсептелүү гана музейлер менен иштеп келгенбиз. Эми биздин туристтик пакеттерибизде көбүрөөк маданий жана тарыхый кызыктуу жерлердин болушуна  ишенем”, - деп Ак-Сай Трэвел” компаниясынын өкүлү Алтынай Мусабаева белгиледи.

Бул чогулуш кыргыз музейлердин потенциалын чыңдоо жана аларды туризм чөйрөсүнө киргизүү боюнча USAIDдин долбоорунун алкагында уюштурулду. USAID Музей демилгелеринин борбору менен бирге музейлердин ишин өркүндөтүү үчүн эл аралык тажрыйбаны колдонууга көмөк көрсөтүп келет.

 “Бизнести өнүктүрүү боюнча USAID демилгеси” долбоору– бул Кыргыз Республикасынын экономикасынын тигүү өнөр жай, курулуш материалдары жана туризм тармактары сыяктуу секторлорунун атаандаштыкка жарамдуулугун өнүктүрүү жана чыңдоо боюнча төрт жылдык долбоор.