Home » News & Information » Fact Sheets » Парламентке, Шайлоо Жөнүнүдө Билим Берүүгө Жана Байкоо Жүргүзүүгө Жардам Көрсөтүү
Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы
Узактыгы: 2016-2019
Аткаруучу өнөктөш: «Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы» коомдук бирикмеси
Негизги өнөктөштөр: Борбордук Шапйлоо Комиссиясы, Мамлекеттик Каттоо Кызматы, Министрликтер жана Мамлекеттик Органдар, Парламенттин Мүчөлөрү, CIIP, “Прецедент” КБ, жарандык коом, ММК
Географиялык алкагы: Кыргыз Республикасы
Бул долбоор 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону жана 2017-жылы президенттик шайлоону эркин, адилеттүү жана ачык-айкын шайлоо жолу аркылуу; ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Парламентин комплекстүү мониторинг менен камсыз кылуу жолу менен Кыргыз Республикасында демократияны илгерилетүүгө багытталган.
ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН НЕГИЗГИ БАГЫТТАРЫ
- Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын жана президенттик шайлоо убагындагы шайлоо процедуралары жөнүндө жарандык коом өкүлдөрүнүн билимдерин көтөрүү;
- Кыска мөөнөттөгү байкоочулардын жана узак мөөнөттөгү байкоочулардын шайлоонун талаш-тартыштары жана укук бузулары жөнүндө өз убагында, профессионалдуу түрдө баяндоо;
- Маалыматты жана берилмелерди чогултуу, шайлоо жүрүмү жөнүндө жыйынтыктоочу отчетту даярдоо, шайлоонун жыйынтыгы боюнча өз алдынча отчетторду берүү;
- Парламенттик иш жүргүзүү боюнча билимди көтөрүү.
КҮТҮЛГӨН НАТЫЙЖА ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР
- Жолжобонун камсыз кылуунун жана добуш берүүнүн мыйзамдуулугун камсыз кылуу, ошондой эле, жалпы жарандардын шайлоо жараянына ишенимин жогорулатуу максатында, 2016-жылы жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоосуна жана 2017-жылы президенттик шайлоосуна байкоо жана мониторинг жүргүзүү.
- Улуттук байкоо жүргүзүү кампаниясы, анын ичинде шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн узак мөөнөттөгү байкоочуларды даярдоо жана окутуу, талапкерлердин шайлоо өнөктүгүн жүргүзүү, ошондой эле башка иштерди аткаруу.
- Шайлоо күнү добуштарды катар эсептөө жана Байкоонун статистикалык методологиясы;
- Өлкөнүн бүткүл шайлоо аймактарында миңден ашык кыска мөөнөттүк байкоочуларды даярдоо жана окутуу. Алар бардык шайлоо алдындагы иш-чаралары жөнүндө сандык жана сапаттык маалымдарды мобилдүү түрдө өткөрүп беришет;
- Жалпы улуттук өнөктүк шайлоочулардын билим берүү боюнча, шайлоо жараянын сапаты жөнүндө коомчулуктун маалымдуулугун арттыруу жана жарандардын көбүрөөк катышуусуна дем берүү.
- Парламенттин ишинин: пленардык жыйналыштардын, комиссиялардын, мыйзам долбоорлордун жана юридикалык жолжобоолордун жүрүшүнө байкоо салуу жана ал маалыматты кооомчулукка ишенимди арттыруу максатында берүү.
- Тегерек столдор, региондор менен видеоконференциялар, депутаттар менен жолугушуу. Айлык дайджести жана Парламенттин иш-чарасы жөнүндөгү жыйынтыктоочу отчетту публикациялоо.
Comment
Make a general inquiry or suggest an improvement.