Жол жүрүү коопсуздугун сактоо жөнүндө коомдук маалыматты жогорулатуу

Road safety training of students at school #85 in Bishkek
Бишкек шаарындагы №85-мектептеги жол коопсуздук сабагы
USAID / IRG

Шашылыш жарыялоого

Жума, Апрель 29, 2016

2016-жылдын 25 апрель күнү Бишкек шаарында «Шаардык демилгелер» жарандык коому айдоочулардын жана жөө жүргүнчүлөрдүн жол жүрүү коопсуздугун сактоосу абдан маанилүү экенин баса белгилеп маалымат жыйынын өткөрдү.

USAIDдин колдоосу менен ишке ашкан «Жол үч бурчтугу» аттуу маалымат кампаниясы «Шаардык демилгелер» коому тарабынан ишке ашып, жол милициясы, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр жол коопсуздугун камсыз кылууда маанилүү роль ойноорун баса белгиледи. Бул иш-чаранын алкагында, «Шаардык демилгелер» коому айдоочулардын жол кыймылынын коопсуздук эрежелерин жана билимдерин жогорулатуу максатында онлайн тест иштеп чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин 26,700 дөн ашык адам тест тапшырышты.

Ошондой эле «Шаардык демилгелер» коому жол кыймылынын коопсуздугу абдан маанилүү экенин баса белгилеш үчүн салттуу жана коомдук массалык маалымат каражаттарын пайдалануу ыкмаларынын үлгүсүн жаратты. Коом бир катар социалдык жарнамаларды жаратып, алар теле жана радио аркылуу кеңири көрсөтүлүүдө. Ошону менен бирге, коомдук Twitter жана Facebook медияларында колдонуучулар иштете турган, коопсуздук маселелерин чагылдыруучу “Spot the Yeti” деген аттагы сүрөт кампаниясын ишке киргизип, айдоочулар жана жол милиция кызматкерлери бири-бирине урмат-сый менен мамиле кылууга түрткү болуучу видео тасмасын даярдашты.

Долбоордун координатору Сергей Должников жол милиция кызматкерлерин, шаардык башкаруу органдарын, ошондой эле мектептерди коомчулук жана студенттер менен кызматташтыкты жакшыртууга   үндөдү. «Жол милициясы жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө жаш балдар арасында маалымдуулукту жогорулатуу боюнча мектептер менен тыгызыраак мамиле кылышы керек. Балдар сөзсүз алардын ата-энелери машине айдап баратканда таасир бере турган негизги ролду ойной алат.»

Бул иш менен катар эле, USAID Бишкек шаарындагы мектептеринде жол коопсуздугу тууралуу окутуу эксперименталдык программасы, жол айып төлөөдө банк карталарын колдонууга айдоочуларды үндөө сыяктуу коомдук иш-чараларды өткөрүүгө башка жарандык коом уюмдарын колдоодо.

Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан аткарылган жол кыймылынын коопсуздугу боюнча акыркы изилдөөгө ылайык, Европа жана мурдагы СССРдин 53 өлкөсүнүн арасында Кыргыз Республикасында жол кырсыгында каза болуу саны экинчи орунда турат.  Улуттук статистика комитетинин расмий статистикалык маалыматына ылайык,  2004-жылдан 2013-жылга чейин жол кырсыктарынын кесепетинде 10,000-ден ашуун киши каза таап, дээрлик 62,000 жаракат алган.

Бул программа USAIDдин Натыйжалуу мамлекттик башкарууну колдоо (GGPAS) программасы аркылуу ишке ашырылып, Америка Кошмо Штаттары USAID аркылуу колдоого алган көптөгөн демилгелеринин бири болуп эсептелет. https://www.usaid.gov/kyrgyz-republic.